Ош технологиялык университетинин студенттери Мамасалы уулу Нурмухаммед жана Топчубаев Максатали президенттин «Үмүт» стипендиясына ээ болушту.
Жыл сайын президент тарабынан жогорку окуу жайлардын мыкты студенттерине 50 миң сом өлчөмүндө стипендия берилет. Алар окууда жана окуу жайдын коомдук иштеринде мыкты ийгиликтерди жаратып, мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон студенттер болуп саналат.