15:28 14 декабря 2021

ОшТУда студенттер Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү англис тилинде көрсөтүштү

Ош технологиялык университетинде Америка маалымат-ресурстук борбору тарабынан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарада студенттер Айтматовдун чыгармаларын англис тилинде аткарышып, англис тилин үйрөнүүдө теориялык алган билимдерин практикада ишке ашырышууда. Айтматовдун чыгармалары чет тилдеринин арасынан орус тилинен кийин эң көп которулган англис тили болуп эсептелет.

«Аталган иш-чарага окутуучулар жана студенттер катышып, студенттер тарабынан Айтматовдун өмүрү жана чыгармаларына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Ч.Айтматовго арналган ырларды окушуп, жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү көрсөтүштү. Жыйынтыгында катышуучулардын тарткан сүрөттөрү, актёрдук чеберчиликтери бааланып, баалуу белектер берилди», - деп билдирди бул иш-чаранын уюштуруучусу Америка маалымат-ресурстук борборунун башчысы Миргүл Иманалиева.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть