16:47 14 декабря 2021

ЖАМУда Эл аралык майыптар күнүнө карата «Биз биргебиз!» аттуу мотивациялык тегерек стол өткөрүлдү

3-декабрь — Эл аралык майыптар күнүнө карата Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттинин күндүзгү бөлүмүндө окуп жаткан мүмкүнчүлгү чектелген студенттер менен проректор Айгул Доранованын жетекчилиги алдында университеттин жаштар комитетинин социалдык маселелер боюнча сектору тарабынан уюштурулган «Биз биргебиз!» аталышындагы мотивациялык тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столдо мүмкүнчүлүгү чектелген 20 студенттн катышуусу менен эркин форматта пикир алмашуу, күнүмдүк жашоодогу жаралган көйгөйлөрдүн чечилүүсү, келечектеги пландар, максаттар жөнүндө талкуу болду. Ошондой эле студенттер университеттин «Америка ордосу» ресурстук борборуна, Конфуций институтуна, маданий-эстетикалык борборуна, «Ден соолук» спорттук борборуна, жаштар комитетине кайрылып, окуудан сырткары университеттин коомдук, маданий-эстетикалык, спорттук жана башка жашоосуна катыша алышарын белгиледи жана бул жолугушуу иш-чарасы акыркы жолу эместигин айтты.

Университеттин факультет жана колледждеринде күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерге жеңилдик берүү жобосунун негизинде мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге (I жана II топтогу майыптар) окуу акысынан 50% жеңилдик берилген.

Иш-чаранын соңунда студенттерди майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, узун өмүр, окууларында албан ийгиликтер жана кең келечек каалады. Ошондой эле студенттердин ар бирине университеттин логотиби түшүрүлгөн калпак, кепка жана Ч.Айтматовдун китебин белекке берди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть