17:26 15 декабря 2021

КМУда «Манас» күнүнө арналган жумалык өткөрүлдү

Манас таануу жана лингвистика институтунун «Манас жана маданият таануу» кафедрасы 4-декабрь — «Манас» күнүнө арналган жумалык өткөрдү.

2-декабрда «Манастын тили — улуттун дили» аттуу викторина таймашы И.Арабаев атындагы КМУда болуп өттү. Анда университеттин бардык факультеттеринин 1-курстарынын арасындагы тандалган топтор арасында таймаш уюштурулду. Иш-чарага аталган институттун директорунун орун басары Назар Докдурбек баштаган «Манас таануу» кафедрасынын бардык курамдагы окутуучулары катышып, кээ бир окутуучулар калыстар тобунун курамын түзүштү. 6 топко бөлүнгөн командадан жеңүүчүлөр аныкталып, грамоталар менен сыйланышты.

Жумалыкка арналган иш-чаранын экинчи бөлүгү 3-декабрь күнү «Манас» эпосу — байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» деген аталыш менен Илимий китепканада өткөрүлдү. Бул иш-чарага мамлекеттик тил бөлүмүнөн А.Шерматов, филологиялык билим берүү факультетинен ф.и.к., доцент Г.Иманакунова ж.б. окутуучулар катышты. Мында университеттин бардык факультеттеринен катышкан 30га чукул студент илимий баяндама жасашты.

Баяндамалар «Манас» эпосуна арналып, илимий жетекчилери Ч.Салиева, Б.Мырзатаева, К.Исакова, А.Сариева тарабынан даярдалды.

Баяндамалар окулган соң эпостон кыскача үзүндүлөр сахналаштырылды.

Иш-чаранын аягында чакырылган конокторго сөз берилип, катышуучуларга грамоталар тапшырылды. Катышуучулар келген коноктор менен сүрөткө түшүштү.

Жумалыктын жыйынтыктоочу бөлүгү — 6-декабрда ««Манас» — майрам» аттуу викторина таймашы болуп, эпостон үзүндүлөр сахналаштырылып, таланттуу студенттер көрүүчөргө ыр-бийлерин тартуулашты. Анда университеттин бардык факультеттеринин 1-курстарынын арасындагы тандалган топтор суроо-жоопторго даярданышканын көрсөтө алышты.

Иш-чарага манасчы Нурбек Талантбеков чакырылып, аталган институттун директору Н.Сартбекова баштаган «Манас таануу» кафедрасынын бардык курамдагы окутуучулары катышты. Манасчы баштаган кээ бир окутуучулар калыстар тобунун курамын түзүштү. Эки топко бөлүнгөн командадан жеңүүчүлөр аныкталып, грамота, китеп, журналдар менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть