География, экология жана туризм факультетинин базасында «География жана аны окутуунун технологиялары» кафедрасынын башчысы, доцент Д.Солпуеванын жетекчилиги астында «География» жана «Экология» багыттарынын студенттери (20 студент) үчүн 9-11-декабрда «Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү» деген темада семинар-тренинг уюштуруду.
Семинар-тренингди доцент Э.Токторалиев, Г.Садыкова, окутуучулар Т.Кожогелдиев, Н.Мамбетова, Г.Төлөгөнова өткөрүштү.
Семинар-тренингдин биринчи күнүндө туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү боюнча маалымат берилди.