17:11 15 декабря 2021

КМУнун ректору Кочкордогу И.Арабаев мектебинин абалы менен таанышты

2022-жылы чыгаан окумуштуу, «Алиппенин» автору, алгачкылардан болуп Ленинге кат жазган Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгы белгиленет. Буга байланыштуу өлкөдө ар кандай маанилүү иш-чаралар уюштурулуп, залкар окумуштуунун эрдиги жана тарыхтагы орду эскерилери маалым.

Тархый инсандын 140 жылдыгына алдын ала даярдык көргөн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов 11-декабрь күнү айрым проректор, декандар менен бирге Нарын облусунун Кочкор районунда жайгашкан И.Арабаев атындагы орто мектептин абалы менен таанышып, мектеп директору жана мугалимдер менен жолугушуп келди.

Окуу жай жетекчиси аталган мектеп менен болгон буга чейинки кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдеп, мүмкүн болсо, университеттин атынан жардам көрсөтүп турарын айтты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть