К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин 4 студенти президенттик стипендияга татыктуу болду.
Алар:
- ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин 4-курсунун студенти, Жогорку студенттик кеңештин төрагасы Тилекабылов Эрбол,
- агрономия жана токой чарба факультетинин 4-курсунун студенти, Жогорку студенттик кеңешинин Enactus KNAU командасынын капитаны Ибрагимова Азиза,
- агрономия жана токой чарба факультетинин 4-курсунун студенти, Жогорку студенттик кеңешинин катчысы Акималиева Жыпар,
- гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин 4-курсунун студенти, Жогорку студенттик кеңешинин мамлекеттик тил клубунун жетекчиси жана факультеттин лидери Эрмаматова Алдина.
Сыйлыкка татыган студенттерди КУАУнун ректору, Рысбек Нургазиев куттуктады.