12:47 16 декабря 2021

Эл аралык фестивалда ОшМУнун командасы 1-орунду ээледи

КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы жана Эл аралык жогорку медициналык мектеби Кыргызстандын мамлекеттик тили жѳнүндѳ мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата «Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу эл аралык фестиваль ѳткѳрдү.

Иш-чара 14-декабрда Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. 

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жаткан чет өлкөлүк студенттерден куралган  8 команда кыргыз улуттук ырларын ырдап, кыргыз бийлерин бийлешти.

Жыйынтыгында Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинин студенттеринен куралган команда 1-орунду ээлеп, уюштуруучулар тарабынан кубок, диплом, баалуу белектер менен сыйланды.

«Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу эл аралык фестивалдын өтмө кубогун Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы С.Мусаев ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору М.Шариповага тапшырды.

2022-жылы фестиваль ОшМУда уланат.

Иш-чара  мамлекеттик тилди жайылтуу, улуттар аралык мамилени чыңдоо максатында уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть