18:10 17 декабря 2021

ОшМЮИде коррупцияга каршы иш-чаралар өткөрүлдү

9-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата Ош мамлекеттик юридикалык институтунун бардык окуу корпустарында жана факультеттердин бардык курстарында 8-10-декабрь аралыгында мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте илимий семинарлар, жолугушуулар жана дискуссиялар өткөрүлдү.

8-декабрь күнү ОшМЮИнин башкы имаратында Ош областынын административдик сотунун төрагасы Акылбек Досалиев менен студенттердин жолугушуусу өттү. Анда административдик соттун өзгөчүлүктөрү, процесстин тартиби жана коррупцияга каршы иштер тууралуу талкуу болду.

10-декабрь күнү соттук-прокурордук факультеттин имаратында Ош областтык прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн прокурору, юстиция полковниги А.Укуев, ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын полковниги М.Кодолов, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунунн Ош шаары жана Ош облусу боюнчу аймактык өкүлү Х.Нарматов жана Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө бөлүмүнүн башчысы, полковник Ж.Кудаяровдун катышуусунда дисскуссия өткөрүлдү.

ОшМЮИнин илимий иштери жана тышкы байланыштар боюнча проректору Б.Абытов келген коноктор менен студенттерди тааныштырып, «Коррупция, коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө саресеп» деген темада баяндама жасап, статистика менен да бөлүшүп кетти.

Катышкан студенттер келген конокторго суроолорду узатып, жооп алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть