19:54 17 декабря 2021

ОшМПУнун студенттери тогуз коргоол боюнча V Азия чемпионатында 2 медаль утушту

7-13-декабрь күндөрү Казакстандын Актобе шаарындө өткөн тогуз коргоол боюнча V Азия чемпионатында Кыргызстандын атынан катышкан Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери жеңишке жетишип, Кыргызстан курама командасына 1 күмүш жана 1 коло медаль тартуулашты. Бул тууралуу спортчу студенттердин Оштогу машыктыруучусу Болот Эрбатыров маалымдады.

Маалыматка ылайык,ийгилик жараткан студенттер аталган окуу жайдын колледжинин 3-курсунун студенти Бакытбек кызы Мадина 2-орунду камсыздап, кумүш медаль утту. Ал эми дене тарбия факультетинин 2-курсунун студенти Гулзат Эсеналиева 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

Спортчулар буга чейин университетте, Ош шаарында жана облусунда өткөн бир канча мелдештердин жеңүүчүсү болуп, Кыргызстан чемпионатын да багындырышкан. Өлкө ичиндеги мелдештерде мыкты оюн көрсөтүп, бир нече ийгиликтердин көрсөткүчу менен эл аралык биринчиликтерге жолдомо алышкан.

V Азия чемпионаты Дүйнөлүк тогуз кумалак федерациясы, Казакстандын Маданият, спорт жана билим берүү министрлиги, ошондой эле Дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте уюштурулган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть