20:23 20 декабря 2021

Кызыл-Кыядагы колледждин эмгек жамааты ОшМПУда конокто болду

14-декабрь күнү Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин эмгек жамааты Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде конокто болушуп, окуу жайдын базасы менен жакындан таанышып чыгышты.

Билим берүү сапарында бай тажырыйбага ээ, педагогикалык окуу жай катары ОшМПУнун базасы — үлгү аларлык жаңы талаптарга жооп берип келет. Аталган университеттин жалпы ишмердүүлүгү менен таанышып, тажырыйба алмашуу максатында келген өкүлдөр алгач окуу жайдын ректору, профессор Бекмурза Зулуевдин кабыл алуусунда болушту. Мында колледждин директорунун орун басары Алмаз Киргизбаев университетке келүү максатын айтып, сунуштарын четке какпай, бирге кызматташууну жөнгө салгандыгы үчүн окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ректор Б.Зулуев келген конокторго окуу жайдын акыркы иш-аракеттери, жетишкендиктери боюнча кыскача токтолуп, ар дайым чогуу иштешүүгө жана ар тараптан көмөктөшүп, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Андан соң өкүлдөр тажрыйба алмашуу максатында университеттин окутуу процесси, материалдык-техникалык базасы жана ишмердүүлүгү менен таанышып чыгып, учурда окуу жайда жүрүп жаткан иштерге жакындан күбө болуп кайтышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть