17:22 16 декабря 2021

КМУнун ректору менен Венгрия элчиси кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты

14-декабрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ректор элчи КМУ менен Венгриянын жогорку окуу жайларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Эки тарап негизги 4 маселеге токтолду. Тактап айтканда, Шандор Дороги Венгрия тарап КМУга атайын окуу курстарын уюштуруп, студенттерди окутууга ниети бар экенин билдирди. Ошондой эле венгер адабиятын жана маданиятын студенттерге таанытуу максатында КМУга окуу бурчун ачууга кызыкдар экенин кошумчалады.

Андан сырткары, КМУнун студенттеринин Венгрияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү караларын айтты.

Шандор Дороги менен Төлөбек Абдырахманов ушуну менен экинчи ирет жолугушту. Эки тарап былтыр да жолугуп, биргеликте иштешүү боюнча кеңири маалымат алышкан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть