15-декабрда И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Түркиядагы Араб тили академиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда эки тарап кызматташтыкты бекемдөө боюнча пикир алышты.
Араб тили академиясынын өкүлдөрү КМУнун башкы имаратындагы чыгыш тилдери жана эл аралык мамилелер факультети жайгашкан корпустун бир бөлүгүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берип жатат. Ошондой эле университеттин жатаканасындагы конок бөлмөлөрүн да оңдоп берүү милдетин алышкан. Оңдоп-түзөө иштери бүткөн соң жатаканадагы конок бөлмөлөрдү ремонттоп башташат. Бул иштер эки тараптуу кызматташтыкты артыруунун аракетинде жасалууда.