20:00 20 декабря 2021

ОшТУнун студенттери Акжол Махмудовго арналган робот жасашты

Ош технологиялык университетинин кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинде «Робототехника системалары жана программалык инженерия» лабораториясы ачылып, 3 жылдан ашык убакыттан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Лабораториянын ачылышы кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин жалпы жамааты, андагы программалоо багытында билим алып жаткан студенттер үчүн көптөгөн мүмкүнүчүлүктөрдү түзүп берди. Лаборатория керектүү электрондук шаймандар менен жабдылып, студенттер 3D басып чыгарууну, робототехниканы, электрониканын жардамы менен аткарылуучу илимий тажрыйбаларды үйрөнүп келишүүдө.

Аталган лабораторияда студенттер ушул 3 жыл убакыт аралыгында жаңы, заманбап техникалардын жардамы менен программалык инженерия боюнча жакшы ийгиликтерди жаратып келишет. Алардын кезектегиси Ош шаарында биринчи болуп өз алдынча кыймыл жасай ала турган роботтун түрүн жасай алышты. Окутуучулар жана студенттер менен биргеликте жасалган робот өз алдынча бир нече кыймылдарды жасай алат. Бул эмгегин окутуучулар жана студенттер кеңешип, жакында олимпиада оюндарында ийглик жаратып, кыргыздын желегин дүйнө жүзүнө тааныткан балбан Акжол Махмудовго арнашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть