20:07 20 декабря 2021

Медакадемиянын окутуучусу Талас университетинин студенттерине лекция окуду

2021-жылдын 16-декабрында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен Талас мамлекеттик университетинин ортосундагы келишимдердин негизинде ТалМУнун ТТПФнин «Табият таануу» кафедрасынын ага окутуучусу Н.Шабданованын жетекчилиги астында уюштурулган офлайн конок лекция болуп өттү.

Конок лектор болуп биология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын окутуучусу К.Раимкулов барып катышып, лекция окуп келди.

ТалМУнун окуу жана илимий иштери боюнча проректору, ф.и.д., профессор С.Жумалиев лекторду кафедранын жамаатына жана студенттерге тааныштыруу менен конок лекцияны ачык деп жарыялады.

Курсанбек Мамасалиевич өзүнүн лекциясында ТалМУнун окутуучуларына жана студенттерине медициналык паразитологиянын протозоология, гельминтология жана арахноэнтомология дисциплиналары боюнча, анын ичинде мите курт ооруларынын актуалдуулугу, бүгүнкү күндөгү эпидемиологиялык кырдаал, адам баласы үчүн өтө коркунучтуу оору экендиги, мите курт ооруларынын негизги таралуу, жугуу себептери, мите курт ооруларынын медициналык мааниси жана алардан кантип сактануунун жолдору жөнүндө маалыматтарды студенттерге айтып берип, лекцияга байланыштуу видеотасмаларды көрсөттү.

Лектор өз лекциясын практикалык сабак менен коштоп, студенттер микроскоп аркылуу ар бир курттун өзүн жана жумурткаларын көрүп, алган билимдерин практика жүзүндө бекемдей ала тургандай кылып өткөрдү. Ошону менен катар студенттер берген суроолорго жооп берип, студенттер ортосунда дискуция уюштурду.

Конок лекцияга студенттерден сырткары, «Табият таануу» кафедрасынын жалпы окутуучулар жамааты жана Талас райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгер-паразитологу А.Курманбаева, энтомолог А.Исраилов катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть