К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 16-декабрда ОшМУнун ички мобилдүүлүк боюнча окуп жаткан студенттеринин демилгеси менен К.Сактановдун «Маркумдар үнү» чыгармасы боюнча китеп окуу сынагы болуп өттү.
Сынактын максаты — студенттер арасында ынтымакты бекемдөө, тарыхка болгон кызыгуусун арттыруу, мекенчилдикке тарбиялоо, студенттердин бош убактысын туура пайдаланууну уюштуруу, интеллектуалдык ой жүгүртүүсүн өстүрүү.
Сынакка 6 команда катышып, күч сынашты. Байге фонду 15 миң сомду түздү: 1-орун — 5000 сом, 2-орун — 4000 сом, 3-орун — 3000 сом, калган орундарга кызыктыруучу сыйлыктар коюлган.
Жыйынтыгында 1-орунду педагогикалык факультеттин «Асылдар», 2-орунду филология факультетинин «Таберик», 3-орунду экономика, тарых жана туризм факультетинин «Келечек» командалары камсыздашты. Ошондой эле ОшМУнун студенттери ЫМУнун ыраазычылык баракчасы менен сыйланышты.