19:47 20 декабря 2021

КММАнын студенттери «Улут.kg» долбоорунун акчалай сыйлыгына ээ болушту

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттери «Улут.kg» долбоорунун алкагында үн жаздыруу жана каталарды оңдоо иштерине кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Нурида Касымбекованын жетекчилиги менен 1 жыл бою жигердүү катышып келишкен. Бул ишке өлкөдөгү бир нече жогорку окуу жай тартылган.

Эки баскычтуу долбоор жыйынтыкталып, эң мыкты көрсөткүчтү камсыздаган студенттерге акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Сыйлыктын жалпы фондун 47 миң сомду түзсө, КММАнын студенттери анын 43 миң 300 сомуна ээ болушту.

2021-жылдын 17-декабрында КММАнын жыйындар залында окуу иштери боюнча проректор, академик Кеңешбек Ырысов студенттерди шыктандырган, ийгиликке үндөгөн каалоо-тилектерин айтып, аталган сыйлыкты тапшырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть