19:45 20 декабря 2021

ОшТУ Наманган инженердик-курулуш институту менен келишимге кол койду

Ош технологиялык университетинин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Урмат Аттокуров Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Наманган инженердик-курулуш институтунда болду.

Иш сапардын алкагында Наманган инженердик-курулуш институтунун ректору Шариббой Эргашев менен жолугушуп, эки окуу жай менен кызматташуу келишимине кол койду.

Келишимде биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть