16:18 22 декабря 2021

КМТУда Жусуп Абдрахманов менен Ахматбек Суюмбаевдин ишмердүүлүктөрү эскерилди

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети «Жусуп Абдрахманов жана Ахматбек Суюмбаевдин ишмердүүлүгү, учурдагы саясий процесс» аталышындагы илимий-практикалык конференция уюштурду.

Ж.Абдрахманов жана А.Суюмбаевдин Совет мезгилинде Кыргыз мамлекетинин жаралышына, түптөлүшүнө, мамлекеттүүлүккө ээ болушуна жана Кыргыз ССРинин өнүгүүсүнө, республиканын саясий түзүлүшүнүн жана экономикасынын калыптанышына, улуттук кадрларды даярдоого кошкон салымдары жөнүндө баяндамалар болду.

Конференцияда сөз сүйлөгөн З.Курманов Ж.Абдрахмановдун мурда жарыяланбаган эмгектеринин табылганы тууралуу кызыктуу маалымат берди. Өзгөчө, А.Касымованын изилдөө иштери Ж.Абдрахмановдун саясий ишмердүүлүгүнө арналган изилдөөлөрү конференциянын катышуучуларынын көңүлүн бурду. Ж.Абдрахманов 1926-жылдары эле келечектеги Кыргызстандын өнүгүшүн, эл чарбасынын багытын негиздегендигин анын «Кыргызстан» деген эмгегинде баса белгиленгендиги айтылды. Бүгүнкү күндө дагы эл чарбасынын бул тармагы мамлекеттин бюджетин толтурууга чоң көмөк көрсөтүп жаткандыгы талашсыз.

Илимий-практикалык конференцияда Ж.Абдрахманов жана А.Суюмбаевдин ишмердүүлүгү, анын жекече адамдык сапаттары жана келечекке карай көз караштары боюнча пикир алышуулар болуп, жаңыча сунуштар айтылды. Конференциянын катышуучулары резалюция кабыл алып, жыл сайын Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө салым кошкон улуу саясий инсандарга арналган илимий-практикалык конференциянын уюштурулушунун зарылдыгын белгиледи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть