И.Арабаев атындагы КМУнун башкы имаратында «Венгр парламентинин архитектурасы» аталышындагы көргөзмө ачылды.
Аталган көргөзмөнү Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурду.
Көргөзмө 20-декабрда Венгрия элчиси Шандор Дороги жана КМУнун ректору Төлөбек Абдырахмановдун катышуусунда ачылды. Көргөзмө 29-декабрга чейин болмокчу. Каалоочуларга эшик ачык.