16:46 22 декабря 2021

ОшМПУда студент-практиканттардын конференциясы өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин «Өндүрүштүк практика» бөлүмү студент-практиканттардын конференциясын өткөрдү.  Бул тууралуу аталган бөлүмдүн жетекчиси Гүлайым Байышова маалымдады.

Конференция «Кесипке багыт берген бактылуу көз ирмемдер» деген темада болуп, ага окуу жайдын проректору Каныбек Раимбеков баштаган жетекчилик жамаат, окутуучулар жана студенттер күбө болушту. Бул тууралуу “Өндүрүштүк практика”

Иш-чара университет боюнча 15-сентябрдан 2-декабрга чейин шаардык мектеп жана мекемелерде кесиптик-профилдик практиканы өтөп келген жаш практиканттар ортосунда жыйынтыктоо этабында өткөрүлгөн. Анда катышуучулар практика учурунда пайдаланган көрсөтмө куралдардын жарманкесин уюштурушту. Андан соң сабакты кандай өткөнүн, колдонгон усулдары боюнча маалымат беришип, башталгыч класстын окуучуларын сабакка кызыктыруу багытында жомоктордон сахналык көрүнүштөрдү аткарышты. Мындан сырткары, куурчак театрын көрсөтүшүп, студенттер практикалык отчетун тапшырышты.

Иш-чаранын соңунда студент-практиканттарга мугалимдик кесипке багыт берип, сабактарды ийгиликтүү өтүшүнө шарт түзүп, усулдук жардамдарды көрсөткөндүгү үчүн шаардык мектеп жана бала бакчалардын жетекчилерине окуу жай тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды. Ошондой эле студенттерге өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, адис даярдоодо кошкон салымы үчүн университеттин окутуучулар жана мыкты практика өтөгөн студенттер грамота менен сыйланышты.

Конференция музыкалык-педагогикалык факультетинин практиканттарынын башка адистиктерге салыштырмалуу студенттик практиканы жогорку деңгээлде өтөгөнүн белгилөө максатында уюштурулган. Анткени «башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу», «мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана анын усулу» адистиктеринде окуган студенттер жалпы 6 предметтен 1-4-класстарга ачык-тарбиялык сааттарды өтүп, өздөрүнүнүн педагогикалык чеберчиликтерин мыкты көрсөтө алышкан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть