16:52 22 декабря 2021

ОшМПУда Бирдиктүү салык декларациясы тууралуу маалымат берилди

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин профессордук-окутуучулук курамынын жыйыны болуп, анда Ош шаардык салык кызматынын сектор башчысы Асылбек Абдырай уулу Бирдиктүү салык декларациясы тууралуу маалымат берди.

2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө киргендигине байланыштуу жеке жактар жана юридикалык тараптар 2022-жылдын 1-январынан баштап 2021-жыл үчүн милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшыруусу керек. Буга байланыштуу окуу жайдын жетекчилиги Ош шаардык салык инспекциясына кайрылуу жасап, университеттин кызматкерлерине Бирдиктүү салык декларациясы тууралуу толук маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.

Бирдиктүү салык декларацияны тапшыруу жараяны кыргызстандыктар үчүн 2017-жылдын 1-январынан тарта башталган.

Бирдиктүү салык декларациясы деген эмне жана аны кимдер тапшырат?

Бул бир жылдык отчет. Мында ар бир жаран 1 жыл ичиндеги кирешеси жана чыгашасы боюнча маалымат берет. Буга юридикалык жактардын баары, мамлекеттик жаан муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер жана патенттин негизинде салык төлөөчүлөр катышат. Бул менен бирге унаа каражатына, кыймылсыз мүлккө, үй-батир жер тилкеси, дыйкан чарбасына ээ жеке жактар тапшырышы керек.

Декларацияны кайсы убакытка чейин тапшыруу керек?

Юридикалык жактар 1-мартка чейин кабыл алынат. Ал эми жеке тараптар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен жарандардын башка категориялары 1-апрелге чейин тапшырышы керек.

Декларацияны тапшырбагандар үчүн кандай жаза колдонулат?

Мөөнөтүндө тапшырагандар административдик жазага тартылат. Укук бузуула» кодексинин 322-беренесинин негизинде жеке жактар 1000 сом, юридикалык тараптар 5000 сом айып төлөйт.

Декларация кайдан жана кантип тапшырылат?

Юридикалык тараптар декларацияга катталган жери боюнча тапшыра алат. Ал эми жеке жактарга катталган же ошол тапта жашаган жери боюнча берилет.

Маалыматтарды декларация алган жерге келип, же болбосо, атайын кат аркылуу жана электрондук кат менен толтурууга болот.

Декларацияда туура эмес маалымат жазылса эмне болот?

Ар бир тарап декларация тапшырууда туура эмес маалымат (кирешесинин суммасын өзгөртүү, мүлкүнүн санын азайтуу, көрсөтпөй коюу) берсе Укук бузуулар кодексинин 322-беренесине ылайык, 1000 сом айып пул салынат.

Декларация тууралуу толук маалыматты кайдан алууга болот?

Кененирээк маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 номери боюнча Call-борбордон же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть