2021-жылдын 14-декабрында президент Садыр Жапаров тарабынан Кыргызстандын ЖОЖдорунан тандалып алынган эң мыкты студенттерди сыйлоо аземи болуп өттү.
Президенттик стипендияга Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика жана маалыматтык технологиялар факультетинин П-1-18 тайпасынын студенти Барчынай Хазыходжаева жана табият таануу факультетинин ветеринария адистигинин В-1-18 тайпасынын студенти Эрнис Масиркулов татыктуу болду.