15:40 27 декабря 2021

ЖАМУ республикалык фестивалда 2-орунга ээ болду

Мамлекеттик тилдин 32 жылдыгынын урматына КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы жана Эл аралык жогорку медициналык мектеби уюштурган «Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда» республикалык фестивалында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети 2-орунга ээ болду.

Фестиваль 14-декабрь күнү Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болуп өттү. Ага Кыргызстанда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер окуган 8 жогорку окуу жай катышкан.  Жыйынтыгында баш байгени Эл аралык жогорку медициналык окуу жайы, 1-орунду Ош мамлекеттик университети, 2-орунду Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети ээлеген.

Ал эми 3-орунга 3 окуу жай ээ болду — Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргызстандын эл аралык университети, Бишкек мамлекеттик университети.

Соңунда Эл аралык жогорку медициналык мектеби уюштурган бул иш-чара мыкты деп бааланып, кийинки жылы Ош мамлекеттик университети өткөрмөй болушту.

Сынакка ЖАМУнун медицина факультетинен тандалып алынган индиялык 5 студент катышкан. Алар ЛДи-2-18 тайпасынынын студенттери Шейх Мераж, Сингх Екантши, Катарин Салони. Ал эми ЛДи-15-19 тайпасынан — Усман Мухаммад, ЛДи-8-17ден Мутукумарасами Кишорскумари.

Студенттерди даярдап, фестивалга алып барып келүү жагын Фарух Абдул Шахид, окуу жайдын Маданий эстетикалык борборунун көркөм жетекчиси Ырыспай Шаимкулов, медицина факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Айчүрөк Адыкулова жана окутуучу Гүлбарчын Каленбекова колго алышкан. Бүгүнкү күндө ЖАМУда 4 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть