14:54 27 декабря 2021

ЖАМУ Өзбекстандын Наманган мамлекеттик инженердик-курулуш институту менен кызматташууда

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети коңшу Өзбекстандын Наманган мамлекеттик инженердик-курулуш институту менен эл аралык мобилдүүлүк жана тажрыйба алмашуу максатында достук кызматташтыгын баштады. Бул тууралуу профессор Ш.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынан билдиришти.

Маалыматта ушул жылдын 13-14-декабрында эл аралык мобилдүүлүк жана тажрыйба алмашуу максатында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинен профессор Ш.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент Гулжамал Токтогулова жана окутуучу Адилет Усенов, Өзбекстандын Наманган мамлекеттик инженердик-курулуш институтунун окуу процесси жана лабораториялары менен таанышып келишкендиги жазылган.

«ЖАМУдан барган окутуучулар Наманган мамлекеттик инженердик-курулуш институтунун студенттерине жана магистранттарына философия жана психология, илимий изилдөөнүн методологиясы жана методдору предметтери боюнча лекция окудук. Эл аралык мобилдүүлүк тажрыйба алмашуу программасынын жыйынтыгында эки окуу жайдын мындан аркы кызматташуусу жөнүндө ойлор айтылып, достук мамилени өнүктүрүү багытында идеялар талкууланды», - деди аталган кафедранын окутуучусу Адилет Усенов.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть