16:07 24 декабря 2021

ОшМУда жылдын мыкты студенттери сыйланды

ОшМУда 23-декабрда 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча «Жылдын мыкты студенттерин» сыйлоо аземи өттү.

Салтанатта окуу жайдагы билим берүү, илим жаатында ийгилик жараткан жана маданий-коомдук иш-чараларга активдүү катышкан алдыңкы студенттер сыйланды.

Ректор Кудайберди Кожобеков иш-чарада 2021-жылы президенттик стипендияга ээ болгон кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенти Кадырбек Абиевге, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенти Айсулуу Базарбековага, эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенти Болот кызы Айкеримге, Кыргыз-Кытай факультетинин студенти Жумагүл Мусабековага, физика-техника факультетинин студенти Тажибай уулу Талгатбекке, Чыгыш таануу жана тарых факультетинин студенти Ырысбек кызы Нурканга сыйлыктарды тапшырды.

Ошондой эле узап бараткан жылы «Атуулдук стипендияга» ээ болгон 10 студентке жана факультеттерден эң мыкты деп тандалып алынган 50дөн ашуун студенттерге ОшМУнун ардак громаталарын ыйгарды.

Ректор 2021-жылы республикалык, эл аралык деңгээлде ийгилик жараткан студенттердин окууларына ийгилик каалап, мындан ары да билим берүү, илим жаатында чыгармачылык изденүүлөрдү, жетишкендиктерди каалап, алдыга умтулган, демилгечил, креативдүү студенттерге окуу жай тарабынан дайыма колдоо көрсөтүлөрүн айтты. Келечекте ОшМУда «Атуулдук стипендиаттар» ассоциациясын түзүү сунушун билдирди.

Иш-чарада факультеттер арасында өткөрүлгөн «Тамашоу» маанайшат оюнунда жеңүүчү болгон математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенттерине кубок жана 25 000 сом, 2-орунду ээлеген индустриялдык-педогогикалык коледжинин командасына 20 000 сом, 3-орунду ээлеген Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин командасына 15 000 сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть