15:42 24 декабря 2021

ОшМПУнун окутуучулары бири-бирине усулдук жардам көрсөтүшүүдө

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окутуучулардын усулдук семинары болуп өттү.

Иш-чара окуу жайдын аккредитация жана билим берүүнүн сапаты бөлүмү менен гуманитардык факультети тарабынан окутуучуларга усулдук жардам көрсөтүү максатында уюштурулду. Ага университеттин ар бир факультетинен окутуучулар катышып, аларга 7 окутуучу өздөрү даярдаган сабактарды өтүп беришти.

Семинарда студенттерди сабакка шыктандыруу, аларды топко бөлүп иштетүү эрежелери, ротация усулун колдонуунун артыкчылыктары, «Блумдун таксономиясы», ыкчам тест алуунун ыкмалары (ZipGrade,Quizizz) тууралуу маалыматтар берилип, ар бир тема боюнча окутуучулар тренинг өтүштү.

Мындан сырткары, семинар учурунда сабакка кызыктыруучу усулдарды практика жүзүндө ишке ашырышып, бул менен университеттин окутуучулары өздөрүнүн билимин өркүндөтүп, бири-бирине усулдук жардамдарды көрсөтүп, билимдерин бөлүшүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть