Кадамжай районундагы «Исфайрам» орто мектебинде «Зордук-зомбулуксуз 16 күн» деген темада иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, ата-энелер катышты.
Окуучулар «Зордук-зомбулуктун алдын алуу», «Зомбулуксуз үй-бүлө» деген темаларда дубал гезиттерди чыгарышып, ата-энелери менен биргеликте мугалим тарабынан даярдалган суроолорго жооп беришип, сахналык көрүнүштөрдү аткарышты.