15:01 27 декабря 2021

Жаа атуу федерациясынын президенти Элнура Осмоналиева Дене тарбия жана спорт академиясынын ардактуу профессору болду

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын окумуштуулар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жаа атуу федерациясынын президенти, Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти, «Билимкана» фондунун директору Осмоналиева Элнура Мадалбековнага КМДТжСАнын 65 жылдыгына арналган эл аралык конференцияны уюштурууга кошкон чоң салымын үчүн «КМДТжСАнын ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

Белгилүү болгондой, академиянын 65 жылдык мааракесине арналган «Дене тарбия жана спорт. Жаштарды руханий-адеп-ахлакка тарбиялоонун теориясынын жана практикасынын учурдагы маселелери» атуу эл аралык илимий конференция үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өткөрүлгөн.

Э.Осмоналиева дүйнөнүн кадыр-барктуу кинофестивалдарынын бир катар сынактарына катышып келген кинорежиссор, сценарист, продюсер жана актриса катары белгилүү. Ал — республиканын Киноматографисттер союзунун мүчөсү, 2009-жылдан бери жаа атуу спорту менен машыгып келген. 2017-жылдан тартып аталган спорттун түрү боюнча республиканын федерациясын жетектейт. Мындан сырткары, жолдошу менен бирге уюштурган «Билимкана» фонду аркылуу учурдун талабына ылайык билим берүү тармагында үзүрлүү иш алып барууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть