21:16 27 декабря 2021

ОшМУнун кесиптик бирлигинин иши жогору бааланды

Кыргыз Республикасынын Билим, илим кызматкарлеринин борбордук комитети жыл жыйынтыгын чыгарды. Ага 7 областтын Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы доцент Абсамат Саттаров «КРнын Билим, илим кызматкерлеринин мыктысы» ардак грамотасы жана кол сааты менен сыйланды.

Жыйында Абсамат Саттаров жыл ичинде ОшМУнун мугалимдери үчүн арзандатылган жер тилкелери жана ипотекалык негизде үй алып берүү, акысыз жана 50%дык төлөм менен Кыргызстандын кооз жерлерине эс алуу үчүн жана дарылоонуучу жайларга (Ысык-Көлгө, Жалал-Абад курортуна жана Мамакеев санаториясына) мугалимдерди жиберүү багытында жасалган иштерди айтты. Ошондой эле ОшМУнун профилакториясында оңдоп-түзөө иштери жүрүп, мүмкүнчүлүгүү чектелген мугалимдерге жана студенттерге акчалай жардам көрсөтүлгөндүгү белдирди. 2021-жылы окуу жайдын 42 мугалими Ысык-Көлдөгү «Кызыл Гвоздика» эс алуу жайына акысыз эс алууга жөнөтүлгөн. Андан сырткары, жылына 200дөй мугалимге 50%дык төлөм менен жолдомолор берилип келет. Жылына 500дөн ашуун студенттер кесиптик кошуун уюмунун көзөмөлдөөсү менен профилакторияга кабыл алынып, алардын тамак-ашына жана дарылануусуна шарт түзүлгөндүгү айтылды.

ОшМУда кесиптик бирликтин аткарган иши Билим, илим кызматкарлеринин борбордук комитетинде жогору бааланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть