10:57 29 декабря 2021

«Жаңы ысымда»: ОшМУнун Киноакадемиясы 3-орунда

Республикалык «»Жаңы ысымдар» театралдык фестивалында ОшМУнун Киноакадемиясынын студенттери Мар Байжиевдин «Кыз-Күйөө» чыгармасын коюшту.

Фестиваль Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында өттү.

ОшМУнун студенттери фестивалга быйыл төртүнчү ирет катышты. Буга чейин «Наристелердин чаңырыгы», «Төрт адам» чыгармалары менен катышып келген. Мындан сырткары, Киноакадемиянын репертуарында Жалил Садыковдун «Өлүп-тирилгендер» драмасы, Мар Байжиевдин «12-күн» драмасы бар.

Киноакадемиянын студенттери жыл сайын уюштурулуп жаткан студенттик спектаклдердин республикалык «Жаңы ысымдар» фестивалында «Мыкты дебют», «Мыкты актриса», «Эң мыкты аялдын образы» наамдарын алган.

Ошондой эле Тимур Маматкуловдун режиссерлугунда «Наристенин чаңырыгы», Дарбан Алайчиевдин жетекчилигинде «Катылган сыр» кинотасмаларын жарыкка чыгарышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть