10:49 29 декабря 2021

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жаңы жылдык балаты майрамы ОшМУда өттү

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жаңы жылдык балаты майрамы ОшМУда өттү.

Балаты майрамына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, анын орун басары Данияр Жаныкулов жана Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков катышты.

Майрамдык салтанатка Ош облусунун аймагынан келген мектепте эң мыкты окуган окуучулар, эл аралык сынактардын, олимпиадалардын, турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана жардамга муктаж 170 бала келди. Балаты майрамы театрлаштырылган оюн-зоок программалар менен коштолду.

Кечеге келген ар бир балага президенттин жана Ош обулусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн майрамдык белектери тартууланды. Ошондой эле Аяз атага кат жазган жардамга муктаж 15 баланын тилеги орундалды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть