14:42 22 января 2022

ОшМПУда окутуучулар арасында «Ден соолук-2022» спартакиадасы өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жыл сайын салтка айланган факультеттер аралык профессордук-окутуучулар жамаатынын ортосундагы кышкы спартакиада өттү.

Спартакианы университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып, жалпы катышуучуларга ийгилик каалоо менен, оюнга баалуу байгелер коюлганын айтып, ден соолукту чыңдоого болгон аракет ар дайым күч болуш керек экендигин белгилеп өттү.

Андан соң, жобого ылайык, алгачкы стол тенниси боюнча мелдеш өттү. Стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол жана агай-эжекелер ортосунда волейбол мелдештери болду.

Иш-чараны уюштуруунун башкы максаты ден соолукту чыңдоо, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө менен спортту өнүктүрүү болуп саналат.

Мелдеш 17-январдан 21-январга чейин окуу жайдын дене тарбия факультетинин жетектөөсүндө өткөрүлэп, мында бардык факультеттин агай-эжекелеринен куралган командалар оюн көрсөтүштү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть