15:47 18 января 2022

ОшМПУда окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу курстары өткөрүлүп жатат

Кыргызстандагы Онлайн университети жана BURANA STEAM COLLEGEдин адистери Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу курстарын өтүп жатышат.

Аталган курс 10-январдан тарта онлайн жана офлайн форматтарда жүргүзүлүп, ага окуу жайдан 170 мугалим катталды. Семинар төмөндөгүдөй багыттар боюнча өтүлүп, 28-январга чейин уланмакчы:

• Сабакты кызыктуу өтүүнүн заманбап ыкмалары

• Окутуудагы жаңы технологиялар

• Видеосабак даярдоо курсу

• Кыргыз тили А, В, С деңгээлдери

• Кыргыз адабиятында сынчыл ой жүгүртүү

• Онлайн симуляциондук лабораториялар

• Англис тили мугалимдери үчүн REFRESH YOUR TEACHING

• Манас таануу сабактары

• Илимий иш (диссертация) жазуунун ыкмалары

Ал эми учурда окутуучулар баштапкы 2 багыт боюнча окуу курсун аяктап, сертификаттарга ээ болушту. Семинарлар Онлайн университетинин окутуучусу Мирлан Нуркамилов, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин улук окутуучусу, PhD-доктор Бактыбек Исаков, Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Токтогулова Мукарам жана Burana STEAM колледжинин директору PhD-доктор Элира Турдубаева тарабынан өтүлүп жатат.

Декабрь айында ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев менен Burana STEAM колледжинин директору, PhD-доктор Элира Турдубаеванын ортосунда расмий жолугушуу болуп, мында эки окуу жай бирге кызматташууну жөнгө салуу менен жаңы келишимдерди түзүүгө жетишкен. Анын натыйжасында январь айында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүү пландалган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть