14:24 22 января 2022

Улуттук университеттин көзөмөлчүлүк кеңешинин курамы бекитилди

2022-жылдын 21-январь күнү КУУда Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен түзүлгөн көзөмөлчүлүк кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү.

Жыйында уюштуруу маселелери каралып, добуш берүүнүн жыйынтыгында аталган кеңештин төрагасы болуп Төлбаев Бабыржан Лотиханович шайланды. Ал эми кеңештин катчысы милдетин Бактыбек уулу Айдин аткармай болду.

Көзөмөлчүлүк кеңештин отурумун КУУнун ректору Канат Садыков ачып, аталган органдын мурдагы курамына ыраазычылык билдирди жана Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүү уюмдарынын көзөмөлчүлүк кеңештерин түзүү жөнүндө» 2021-жылдын 29-декабрында чыгарылган №2199/1 буйругу менен тааныштырды. Аталган документке ылайык, Кыргыз улуттук университеттин көзөмөлчүлүк кеңеши төмөндөгү курамда бекитилди:

• Акматалиев Абдылдажан Амантурович — УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору;

• Бактыбек уулу Айдин — Эл аралык республикалык институттун Кыргыз Республикасындагы өкулчүлүгүнүн программалык координатору;

• Жолдошалиева Дамира Жолдошалиевна — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;

• Осмоналиев Каныбек — Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Ынтымак» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору;

• Ормушев Калнур Келдибекович — Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректоратынын кеңешчиси;

• Степанюк Александр Владимирович — «Салгар» ЖЧКсынын негиздөөчүсү;

• Султанов Марат Абдыразакович — «Агро Групп» айыл-чарба коммерциялык кооперативинин башкармалыгынын төрагасы;

• Токтогулов Асылбек Токтогулович — Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы;

• Төлбаев Бабыржан Лотиханович — «М Булак» микрокредиттик холдингинин башкы директору;

• Турганбаев Надырбек Турганбаевич — жеке ишкер;

• Усен уулу Жайнак —коомдук ишмер.

Отурумдун андан кийинки бөлүгүн ректордун сунушу менен Көзөмөлчүлүк кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Токтогулов алып барды. Ал кворум бар экенин билдирип, жыйындын күн тартиби менен тааныштырды жана «Көзөмөлчүлүктүн кеңеш тууралуу жобо» боюнча аталган органдын төрагасы менен катчысы кеңештин мүчөлөрүнүн арасынан шайланарын билдирди. Асылбек Токтогулов ошондой эле көзөмөлчүлүктүн кеңештин мүчөсү болуу абдан жоопкерчиликтүү иш экенин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө төрагалыкка Бабыржан Төлбаев менен Асылбек Токтогулов, катчылыгына Бактыбек уулу Айдин менен Калнур Ормушев сунушталып, экинчи талапкерлер өз ыктыяры менен баш тартышты. Ачык добуш берүү менен өткөн шайлоонун жыйынтыгында Кыргыз улуттук университеттин көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагалыгына 9 макул, 1 каршы добуш менен Бабыржан Төлбаев, ал эми аталган органдын катчысы болуп Бактыбек уулу Айдин шайланды.

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча КУУнун ректору Канат Садыков чыгып сүйлөп, Улуттук университеттин миссиясы, стратегиялык максаты, структурасы, профессордук-окутуучулук курамы менен студенттеринин саны, китепканасы, окуу имараттары, жатаканалары, пансионаты жана окуу жайдагы окуу процесси тууралуу билдирүү жасады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть