19:04 24 января 2022

ОшМУнун 3 ординатору Россияда тажрыйба топтоп жатат

ОшМУнун 3 ординатору Россияда тажрыйба топтоп жатат. Алар декабрь айынан тартып Урал мамлекеттик медициналык университетинин клиникалык базаларынан тажрыйба алууда.

Ординатуранын 3-курсунда билим алып жаткан Айчүрөк Азимова терапия багытында, ординатуранын 2-курсунда билим алып жаткан Усөн уулу Данияр хирургия багытында, ординатуранын 1-курсунда билим алып жаткан Араббой Сулайманкулов кардиология багытында тажрыйба алышууда.

Хирургия багытында билимин тереңдетип жаткан Усөн уулу Данияр: «Россиянын Свердлов областтык №1 клиникалык ооруканасында стажировкадан өтүп жатам. Мени оорукананын жамааты жылуу тосуп алды. Күн сайын мен россиялык мыкты адистерден билимимди тереңдетип жатам. Окуумду аяктап, мыкты хирургдардын катарын толуктаарыма ишене», - дейт.

Ал эми Айчүрөк Азимова терапия бөлүмүндө стажировкадан өтүп жаткандыгын айтып, төмөнкүлөрдү белгиледи: «Күн сайын мен өзүмө керектүү жаңы билим-тажрыйбаларды алып жатам. Терепия бөлүмүнүн башчысы оорулууларды кантип дарылоо керектиги боюнча мыкты кеңештерин берүүдө. Бөлүм башчы менен биргеликте оорулуулардан кабар алып, дарылоо ыкмалары менен таанышып жатам«.

«Мен учурда ангиография кабинетинде лабораториянын башчысы Михаил Перминовдун жетекчилигинде тажрыйба алып жатам. Ар жумада кафедра башчы Ольга Миняйлонун жетекчилигинде өткөн семинарларга катышам. Менин адистигим аябай кызыктуу, бул багытта тажрыйба-билим алууга университеттин базасында баары бар экен», - дейт Араббой Сулайманкулов.

Ординаторлордун тажрыйба алмашуусу май айында аяктайт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть