19:01 24 января 2022

Түркияда билим алып жаткан ОшМУнун студенттери үчүн түштөнүү уюштурулду

Түркиянын Сивас шаарындагы Жумхуриет университетине күзгү семестрде билим алуу үчүн барган студенттер окууларын аяктап калышты.

Мобилдүүлүк программасы боюнча окууну жыйынтыктап жаткан студенттер үчүн аталган окуу жайдын эл аралык байланыштар боюнча координатору, профессор, доктор Али Аксу коштошуу түштөнүү уюштуруп, студенттердин окуу учурундагы алган таасирлери тууралуу пикир алышты.

Түштөнүү учурунда студенттер ОшМУнун атынан Жумхуриет университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнө жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатына ыраазычылык билдиришти.

2021-2022-окуу жылынын сентябрында аталган университетке ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинен, медицина, дүйнөлүк тилдер жана маданият, кыргыз филологиясы жана журналистика, математика жана информациялык технологиялар факультеттеринен 22 студент эки тараптуу кызматташуу келишимдеринин алкагында билим алууга жөнөп кетишкен.

ОшМУ Жумхуриет университети менен «Эрасмус+» программасы аркылуу 2015-жылдан бери кызматташып келет. 2020-жылдын 30-январында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун Түркияга болгон иш сапарында Жумхуриет университетинин ректору Алим Йылдыз менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койгон.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть