15:25 27 января 2022

КМКТАУга Казань шаарынан өкүлдөр келишти

25-январда Н.Исанов атындагы КМКТАУга Казань шаарынан «Энергоразвитие» компаниясынын башкы директору Раил Газетдинов (Татарстан) баштаган делегация мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөнов келишти.

Конокторду университеттин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Акымбек Абдыкалыков кабыл алып, Кыргызстан менен Татарстандын ЖОЖдорунун ортосундагы кызматташтык маселелери, адистерди даярдоонун сапатын ар тараптан жакшыртуу, университет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсү талкууланды.

Тараптар университеттин өндүрүш жана практика менен байланышын чыңдоо квалификациялуу жана компетенттүү адистерди даярдоодо оң натыйжа берерин белгилешти.

Соңунда компаниянын өкүлү журналдар сериясын ректорго тапшырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть