19:36 31 января 2022

КМУнун ректору «Голос» долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодав менен жолугушту

Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов 27-январда Россиянын «Голос 10» долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодав менен анын окутуучусу Вячеслав Палицынды жана И.Арабаев атындагы КМУнун көркөм маданият жана билим берүү факультетинин деканы Кубат Жакыповду кабыл алды.

Жолугушууда ректор Александр Волкодавды жеңиши менен куттуктап, эл аралык сынакта Кыргызстандын атын чыгарып, желегин желбиреткени үчүн ыраазычылык билдирди жана ага чыгармачылык ийгилик каалады.

Палицын Вячеслав Геннадьевич — И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Б.Миңжылкиев атындагы вокалдык мектептин директору. Александр Волкодав бул мектепте вокалдан сабак алган жана азыркы учурда аталган мектепте окутуучу болуп эмгектенет.

Александр Волкодав кабыл алгандыгы үчүн ректор Т.Абдырахмановго ыраазычылык билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть