24-январдан баштап И.Арабаев атындагы КМУда кафедра башчылары, профессорлук-окутуучулар курамы үчүн бир жумалык илимий семинар өткөрүлдү.
Семинар «Кесиптик рейтингди чыгаруунун жолдору жана жыйынтыктары», «Университетте окуу процессинде иш кагаздарын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү», «Инновациялык билим берүү технологияларын ишке ашыруу процессиндеги педагогдун компетенттүүлүгү» деген темаларда болду.
Иш-чара КМУнун окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултановдун көзөмөлү астында уюштурулуп, окуу башкармалыктын башчысы Равшан Зайниевдин катышуусунда өттү.