Ош технологиялык университетинде илимий-изилдөө лабораториялардын, кафедралардын жана факультеттердин 2021-жылдагы илимий ишмердүүлүктөрүнүн жетишкендиктерин жана келечектеги милдеттерин талкуулоого арналган V илимий сессия өткөрүлүүдө.
Сессиянын негизги максаты — илимий-изилдөө лабораторияларда, кафедраларда, факультеттерде аткарылган илимий-изилдөө иштерди, илимий жетишкендиктерди анализдөө жана баа берүү болуп саналат. Илимий сессияда 2021-жылдагы илимий-изилдөө иштеринин аткарылышы каралып, келечектеги негизги приоритеттүү илимий багыттары талкууланууда.