10:12 1 февраля 2022

ОшТУда «Санарип муун» окутуу долбоору өз ишин баштады

Ош технологиялык университетинин окутуучулары үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен IT-тармагында (жасалма интеллектин негиздери, маалымат илими, машинанын үйрөнүүсү, компьютер программаларын жана коопсуздугун долбоорлоо, нейрондук тармактар боюнча тереңдетилген үйрөнүү, киберкоопсуздук технологиялары) «Санарип муун» окутуу долбоору өз ишин баштады.

Бул долбоорго ылайык, ULUT SOFT компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу курстарын өтүп жатат.

Долбоорго Ош технологиялык университетинин жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 70тен ашуун окутуучулары катышты. Аталган курста санариптештирүүнүн алкагында экономиканы алдыга жылдырууда жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууда, билим берүү чөйрөсүндө, айыл чарбасында, саламаттыкты сактоодо, жол коопсуздугун жөнгө салууда, жарандарга паспортторду жана башка документтерди берүүдө жасалма интеллекттин негиздери азыркы заманбап каражаттарын бири экендигин катышуучулар тастыкташты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть