18:00 4 февраля 2022

ОшТУ Япония ЖОЖдору менен кызматташтыгын кеңейтет

«Кыргыз-Япон достугу» компаниясынын директору, доктор Асано Тетсуя баштаган өкүлдөр иш сапары менен Ош технологиялык университетине келишти.

Конокторду Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы Шайырбек Сайдаматов кабыл алып, Кыргызстан менен Япониянын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтык маселелери, эки элдин ортосундагы достукту чыңдоо, адистерди даярдоонун сапатын ар тараптан жакшыртуу жана Япония ЖОЖдору менен ОшТУнун алакаларын өнүктүрүү маселелери жөнүндө талкуулашты.

Жолугушууда ОшТУнун студенттери жана окутуучулары үчүн алмашуу программаларын ишке ашыруу, сүрөт көргөзмө өткөрүү, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы мамилелер тууралуу даректүү тасма тартуу, китептерди жана башка басылмаларды басып чыгаруу, почта маркаларын чыгаруу, IT-форумун уюштуруу жана эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө багытталган башка иш-чараларды өткөрүү пландаштырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть