3-февраль күнү И.К.Ахунбаев атындагы КММАда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу жайдын мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Сапаргүл Наралиева жана сектордун лингвист-эксперти Арзыкан Орозалиева сабак өткөрүштү.
Сабактын жүрүшүндө: «Үндѳштүк мыйзамын сактоо», «жѳндѳмѳлѳрдү билүү, созулма үндүүлѳрдү туура жазуу», «тырмакчанын («») кайсы учурда коюлушун билүү», «дефис (-) менен тиренин (—) айырмасын билүү», «Кыргыз тилинин жазуу эрежелелерин», «Иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасын» билүү, дефис, тырмакча, сызыкча , каталар менен иштөө жөнүндө маалыматтарды катышуучуларга айтып берүү менен лекцияга байланыштуу видеопрезентацияны көргөзүштү.
Иш-чарага окуу жайдын бардык кызматкерлери катышты.