19:48 7 февраля 2022

ОшМУ Кореянын Кюнгил университети менен кызматташат

Кореянын Кюнгил университетинин эл аралык ишмердүүлүк борборунун кызматкери Ли Чанг Хун ОшМУга иш сапары менен келди. Аны ректор Кудайберди Кожобеков кабыл алып, эки тараптуу кызматташуунун перспективалык пландарын талкуулашты.

Ыктыярчыларды жиберүү жана кабыл алуу, окутуучуларды квалификацияны жогорулатуу курстарынан жана стажировкадан өткөрүүгө шарттарды түзүү, Кореяга тил үйрөнүү курстарына студенттерди жөнөтүү, Кюнгил университетине корей тили багытында окуган студенттерди гана эмес, башка адистиктердин студенттерин да жиберүү, биргелешкен билим берүү жана кош дипломдуулук программаларын иштеп чыгуу маселелери каралды.

Чанг Хун жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, сунуштарды колдой тургандыгын айтып, өзү иштеген университеттин стипендиялык программаларына жана бюджеттик орундарына ОшМУнун студенттерин катыштырууга аракет жасай тургандыгын кошумчалады.

Кюнгил университети 1963-жылы негизделген. Өлкө рейтингинде 269 окуу жайдын ичинен Сеул улуттук университетинен кийинки 11-орунда турат. Учурда ОшМУ менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть