Ош технологиялык университетинде «Седжон Хагдан» корей борбору 2022-жылдын жазгы семестрине жаңы студенттерди, окуучуларды кабыл алды.
Борбордо башталгыч корей тил курсуна жазылуу аяктап, жазгы семестрдин ачылыш аземи өткөрүлдү. Аталган курска Ош шаарынын мектептеринен жана жогорку окуу жайларынан студенттер жана окуучулар келип жазылышты. Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты. Ачылыш аземи концерттик программа менен коштолуп, корей элинин улуттук ыр-бийлери орун алды.
Ош технологиялык университетинде 2008-жылы Корей борбору ачылып, бүгүнкү күндө корей улутундагы кызматкерлер эмгектенип, студенттерге тил үйрөтүп келүүдө.