19:44 10 февраля 2022

ОшТУнун бир катар студенттери Кореяда билимдерин улантышат

Корея менен Ош технологиялык университетинин ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, Ош технологиялык университетинде «Седжон Хагдан» корей борбору иш алып барат.

Бул эки тараптуу кызматташуунун негизинде жыл сайын ОшТУнун бир нече студенттери Кореянын жогорку окуу жайыларынан өздөрүнүн адистиктери боюнча билим алып келишет. Андан сырткары, ОшТУга Кореядан студенттер келип, өздөрүнүн билимин уланта алышат.

Учурда Корея мамлекеттик грантынын негизинде окуу мүмкүнчүлүгүнө 6 студент ээ болуп, өздөрүнүн билимин улантуу үчүн жөнөп жатышат. Алар 2022-жылдын март айынан баштап ар бири өздөрү тандаган адистиктер боюнча Кореядагы университеттерде окуп башташат.

Алар:

  • Абылкасымов Акылбек — Пусан чет тилдер университети, компьютердик технология факультети;

  • Абдувалиева Амина — Инже университети, өнөр жайын башкаруу инженериясы;

  • Джамгырканова Алия — Пусан мамлекеттик университети, кийимдер дизайны факультети;

  • Сапарбек кызы Мираида — Ёңнам коллежджи, бизнес башкаруу факультети;

  • Ороз кызы Чолпонай — Ёңнам колледжи, мода дизайн факультети;

  • Назаркулова Акмарал — Кёңбок колледжи, туризм факультети.

Бул студенттер 2022-жылдын март айынан тарта аталган университеттерде окуп башташат жана университетти бүткөнчө Корея мамлекеттик стипендиясын алып окушат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть