14:16 11 февраля 2022

ОшТУнун магистратура бөлүмүнүн башчысы Мерим Атакулова КРнын ардак грамотасы менен сыйланды

10-февралда өлкө башчысы Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, ошондой эле кесиптик ишмердигинде ийгиликке жеткен бир нече жаранга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Ош технологиялык университетинин магистратура бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор, Россиянын Табигый илимдер академиясынын академиги Атакулова Мерим Абдыкеримовна Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы менен сыйланды.

Атакулова Мерим Абдыкеримовна

Билими: 1990-жылы Ош педагогикалык окуу жайынын “ Башталгыч класстын мугалими ” адистигин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1995-жылы Ош мамлекеттик университетинин славян-герман филологиясы факультетин " Орус тили жана адабияты мугалими" адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган;

Эмгек жолун 1995-жылы Ош технологиялык университетинде орус тилинин мугалими болуп баштап, мугалимдик ишин аспирантура, докторантура менен ийгиликтүү айкалыштырып, илимий жана окутуучулук ишмердүүлүгүн тең жүргүзүүдө. Ал жөнөкөй мугалимден профессорго, аспиранттан илимдин докторуна чейин профессионалдык жана илимий өсүүнүн бардык баскычтарын басып өттү.

2005-2012-жылдары Мерим Абдыкеримовна ОшТУнун орус жана кыргыз тилдери кафедрасын жетектеген, 2013-жылдын январынан сентябрына чейин ОшТУнун илим жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы, 2013-жылдын сентябрынан бери ОшТУнун магистратура бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенүүдѳ.

Атакулова М.А. университеттин магистратурасынын окуу-материалдык базасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча тынымсыз иштеп, базалык жогорку кесиптик билимди өркүндөтүү жана тереңдетүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, магистранттар үчүн сапаттуу окутуу системасын түзүүдө. Магистранттардын тийиштүү компетенцияларын ийгиликтүү калыптандыруу үчүн, анын демилгеси боюнча, окутуунун заманбап технологиялары, сабактарды өткөрүүнүн активдүү жана интерактивдүү формалары, магистрдик диссертациялардын сапатын жогорулатуу үчүн окуу процессине антиплагиат системасы киргизилген.

Негизги илимий багыт – салыштырма-типологиялык жана тектештирме-тарыхый лингвистика.

Мерим Абдыкеримовна "салыштырма-тарыхый, типологиялык жана салыштырма лингвистика" адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына (2006), "тил таануу" адистиги боюнча доцент наамына (2009), "Түрк тилдери" адистиги боюнча филология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасына (2011), "тил таануу" адистиги боюнча профессор наамына ээ (2019).

Ал 3 илимдин кандидатын даярдап, 10дон ашык аспиранттарга тил теориясы, типологиялык жана салыштырма лингвистика, когнитивдик лингвистика жана маданий лингвистиканын ар кандай көйгөйлөрү боюнча жетекчилик кылат.

Атакулова М.А. 2012-жылдан бери филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын коргоо боюнча түзүлгөн диссертациялык кенештердин мүчөсү катары эмгектенүүдө. Учурда Мерим Абдыкеримовна И. Арабаев жана К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде D.10.19.594 диссертациялык кеңешинин мүчөсү, ал филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын алуу үчүн диссертацияларды коргоодо активдүү катышып келет .

Бул окумуштуу 9 докторлук жана 16 кандидаттык диссертацияга расмий оппонент катары катышып, талкуулануучу жана корголуучу эмгектер тууралуу өзүнүн объективдүү жана мазмундуу пикирлерин айтып, кыргыз лингвистикасынын өрчүшүнө салым кошкон.

М.А. Атакулова республиканын жана чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын ар кандай илимий-практикалык конференцияларына активдүү катышат. Лингвистика проблемалары боюнча 100дөн ашык илимий макалалардын жана 4 монографиянын автору. Орус тили боюнча 4 окуу китеби жана 14 окуу куралы, магистранттардын илимий-изилдөө иштери боюнча, магистрдик диссертацияны жазуу жана коргоо боюнча 2 окуу-усулдук колдонмосу жарык көргөн.

Чет жана КМШ өлкөлөрүнүн окумуштуулары менен тыгыз байланышта. Ал Барселона, Москва, Санкт-Петербург, Горно-Алтайск, Петрозаводск, Белгород, Минск, Нурсултан, Тараз, Фергана, Андижан шаарларындагы университеттердин конференцияларында илимий докладдар менен катышкан.

М.А.Атакулованын “ Эгоцентризм как категориальное значение лично-местоименной парадигмы в языке ” аттуу монографиясы Москва (Россия) шаарындагы илимий басылмалардын женүүчүсү болуп табылган; “Инвариантность в прономинальной и провербиальной парадигмах языка ” аттуу монографиясы Барселона ( Испания ) шаарындагы илимий басылмалардын женүүчүсү болуп табылган.

Ал Россиянын Табият таануу академиясы менен тыгыз байланышта. Анын кызматкерлери менен чыгармачыл алака жүргүзөт. Бул академиянын анык мүчөсү, бир нече сыйлыктарын жана наамдарын алган, уюштурган иш-чараларына активдүү катышат. Ал аталган илимий мекеме өткөргөн конференцияларда, көргөзмөлөрдө өздөрүнүн жетишкендиктерин жигердүү көрсөтүп, бир нече сыйлыктардын ээси болду.

Алган сыйлыктары:

Жаштарга билим берүүдөгү көп жылдык үзүрлүү эмгеги, Кыргыз Республикасында жана Россия Федерациясында тил илимин өнүктүрүүгө кошкон салымы жана окуу жайдын өнүгүүсүнө, коомдук жашоосуна активдүү катышкандыгы үчүн М.А. Атакуловага ата мекендик жана чет өлкөлүк сыйлыктар менен наамдар ыйгарылган. Алардын негизгилери төмөнкүлөр:

1. Бүткүл союздук лениндик коммунисттик жаштар кошумунун "За отличную учебу" төш белгиси (1989);

2. Бүткүл союздук лениндик коммунисттик жаштар кошумунун "За отличную учебу" төш белгиси (1993);

3. “ОшТУнун мыкты илимий кызматкери – 2006” конкурсунда 1-даражадагы диплом (2006);

4. Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун Ардак грамотасы (2007);

5. “ОшТУда мыкты илимий эмгек – 2008” конкурсунда 1-даражадагы диплом (2008);

6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (2008);

7. "Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги" төш белгиси (2011);

8. ОшТУнун "Эмгек сиңирген үчүн" юбилейлик медалы (2014);

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы (2014);

10. "Кыргыз тили" төш белгиси (2015);

11. 31чи Москва эл аралык китеп ярмаркасынын катышкандыгы үчүн диплом (2016);

12. Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы (2017);

13. "LIBER BARCELONA – 2018" илимий басылмалар көргөзмөсүнүн жеңүүчүсүнүн "Алтын медалы" (Испания);

14. "ВДНХ – 2018" илимий басылмалар көргөзмөсүнүн жеңүүчүсүнүн "Алтын медалы" (РФ);

15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2019);

16. Илимге сиңирген эмгеги үчүн Улуу Екатерина ордени. Билим берүү "(РФ) (2020);

17. Ардактуу наам "Илимге жана билимге эмгек сиңирген ишмер" (РФ) (2020).

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть