Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Концепциясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, “Улыбка” коомдук фонду жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда дин багыты боюнча маалыматтуулукту жогорулатуу, диний экстремизмди алдын алуу максатында профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдары, КРдагы диний уюмдар, жоюлган же иши токтотулган диний уюмдар, КРдагы ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористик уюмдар, тыюу салынган материалдар, адабияттар, сайттар, Улуттук коопсуздук Концепциясы туурасында кеңири баяндамалар берилип, мастер-класс менен коштолду. Иш-чарага институттун активдүү студенттери катышты.