20:59 14 февраля 2022

ОшМУнун 24 студенти Испания, Германия, Казакстандын ЖОЖдорунда билим алат

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев Испаниянын Кадис университетине, Германиянын Марбург университетине жана Казакстандын Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алууга жөнөп жаткан студенттер менен жолугушту.

Испаниянын Кадис университетине Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинен 3, эл аралык мамилелер факультетинен 1, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинен 1 студент, Германиянын Марбург университетине математика жана информациялык технологиялар факультетинен 1, Евразия улуттук университетине дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинен 6, Кыргыз-Кытай факультетинен 4, эл аралык мамилелер факультетинен 2, математика жана информациялык технологиялар факультетинен 2, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинен 4 — жалпы 24 студент жөнөп жатат.

Жыйынга онлайн байланыш аркылуу Евразия улуттук университетинин академиялык мобилдүүлүк боюнча адиси Болат Жагалбаев да катышып, студенттерди түзүлгөн шарттар менен тааныштырды.

ОшМУ менен Евразия улуттук университетинин ортосунда 2018-жылы эки тараптуу келишим түзүлгөн, мобилдүүлүк программасынын алкагында ар бир семестрде студенттерге 100 квота бөлүнөт.

Испаниянын Кадис университетине жана Германиянын Марбург университетине студенттер «Эразмус+» программасынын алкагында билим алып келишет. Студенттер 850 евро стипендия алышат.

Ал эми Казакстандын Евразия улуттук университетине эки тараптуу келишимдин алкагында билим алууга бараткан студенттердин окуусу, жатаканасы да акысыз болот.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть